Печать
Категория: Коом
Просмотров: 135

Белгилүү алып баруучу Ассоль Молдокматованы УКМК издөөгө алганын, ал болсо Ысык-Көл тарапка качып кеткенин журналист Аслан Сартпаев соцтармактагы баракчасына жазып чыкты. Аны менен катар журналист "шоуменди Камчы Көлбаев сактап калабы? Көлбаев күчтүүбү же УКМКбы?" - деп суроо салган. 

Эске салсак, Ассоль Молдокматова жакында соцтармактар аркылуу Россиянын президенти Владимир Путинге кайрылуу жасаган. Анда Кыргызстан туш келген кыйынчылыкты айтып, коронавирус илдетин жеңүүгө орус президентинен жардам сураган. Шоумендин кайрылуусун коомчулук ар башка кабыл алды. Айрымдар Молдокматованын эркине, тапкычтыгына суктанышса, көпчүлүк башка элдин башчысынан жардам суроосун "хайп" катары белгилешкен. Бир даары анын бул кылыгын "намыстуу элдин башын жер каратуу" деп да баалашкан.