Печать
Категория: Коом
Просмотров: 219

Фейсбук социалдык желесине Анара Шералиева аттуу колдонуучу учурдагы медицина тармагындагы көйгөйлөр тууралуу жазды:

"Жандүйнөмдү тилген окуяны, биздин өлкөдө дарыгерлерге кандай кошкөңүл мамиле жасалаарын кантип айтууну билбей турам. Жакында тааныш дарыгер Бишкектеги обсервациялардын биринде иштеди. Ага СИЗ беришкен жок, беткап гана тагынып иштөөгө туура келди. Ал аз келгенсип жалгыз өзү 80 бейтапты карады. Акырында Covid-19 жугузуп алды. Беткап менен эле иштеп жатып эмне деп айтканын келтирейин, ал: "Кантип барбайсың, элдер өлүп жатса, кантип барбайсың?!" Бир күн мурда акыбалы абдан эле начарлап кетти. Кислороддук концентраторго туташтырылды, сатурациясы 85. 

Эми негизги маселеге: 

1.Ал өз эсебинен дарыланып жатат, өз акчасына дары-дармек сатып алды (15 миң сомдон ашуун акча кетти). Май айында Covid-19 жуктуруп алган бейтаптарды дарылаган обсервацияда иштеди. Ал үчүн 12 миң сом айлык алды. Бул күлкүлүү. 

2.Эмнеге медкызматкерлерде камсыздандыруу жок?! Бардык цивилизациялуу өлколөрдө медиктерди гана эмес башка кызматкерлерди да камсыздандырышат. Башка өлкөлөрдү айтпай эле коелу, мен Бишкекте банкта иштедим, катардагы кассир болуп, айлык маянам 15 миң сом эле жана камсыздандыруумду банк төлөчү. Мен жылына жалпы эсеп менен 200 миң сомдук дарылануу алууга укуктуу элем. Буга тишти дарылатуу, гинекологиялык дарылануу, дары-дармек алуу жана башка көп нерселер кирет. Дарыгерлерди банктын кассирлериндей да баалашпайбы? Алар деген алдыда, өз өмүрлөрүн тобокелге салып иштешет го! Адамдардын өмүрүн сакташат, айлык акылары аз. Бул акыйкатсыздык!

 3.Иш учурунда ковид жуктуруп алган дарыгерлерге 200 миң сом төлөп берүүнү убадалашкан. Мен сурагандан уялып жатам! Кантип төлөшөт эгер @minzdravkg_official Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруп калган дарыгерлерди каттоого албай жатса! Министрлик келип каттоого алууга милдеттүү. Ооба, милдеттүү! Анткени алар кызыл аймакта иштеп жатышат. Өз өмүрлөрүн тобокелге салышты! Мен муну жазуу менен көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн бургум келет, айрыкча - @minzdravkg_official. 

Ким бул маселени көзөмөлгө ала алат жана ал кандайдыр бир деңгээлде чечилеби?"