Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 16-июль күнү саат 23:00 чамасында шамал катталып (шамалдын ылдамдыгы такталууда), Кара-Суу айыл аймагына караштуу Топ-Жаңгак тилкесиндеги, авариялык абалда деп корутунду чыгарылган Кулназаров атындагы орто мектебинин 15 чарчы метр чатырын учуруп кеткен. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка караганда, жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө КР ӨКМнин Аксы райондук бөлүм башчысы жана Жарандык коргонуу комиссиясы чыгып кеткен.