Печать
Категория: Коом
Просмотров: 198

Ырчы Анжелика соцтармактагы баракчасына билдирүү калтырды:

“Ажобузга үнүбүз жетти. Ушул кишинин буйрутмасы менен жеке ишкерлер жети облуска жете тургандай абдан кымбат, өтө керектүү делген дарыларды алып келишти. Биздин таратуучуларыбызга 100 упаковка берди. Таратып баштайбыз. Бул дарылар түгөнсө, кийинки жума мындан эки эсе көп дарылар алып келинет. Ким таппай жаткан болсо келип алып кетиңиздер, бул иш-чаранын башында турган ишкерлерге ыраазычылык айтабыз”. 

Эске салсак буга чейин ырчы президентке кайрылып, дары-дармектер жетишпей жатканына даттанган. Ырчынын кайрылуусу себеп болдубу же алдын ала пландалган иштин жүзөгө ашышы ошол убакка туш болдубу - Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн гуманитардык жардам катарында дары-дармектер келе баштады.