Акыркы суткада дүйнѳдѳ коронавирус илдетин жуктургандар 150 миң адамга жакын кѳбѳйүп, жалпы 14 млн.го жакындады.
Алардын ичинде эң кѳп жуктургандар АКШда (3 млн. 70 миң адам), Бразилияда – 1 млн. 884 миң, Индияда – 878 миң 254, Россияда – 732 миң 547, Перуда 330 миң 123, Чилиде 317 миң 657, Мексикада 304 миң 435, Улуу Британияда 291 миң 691 адам.
Баары болуп дүйнѳдѳгү 188 ѳлкѳдѳ коронавирус катталса, илдеттен айыккандар 7,2 млн. адамга жетти.
Ковиддин абалы Кыргызстанда кандай?
14-июлга карата Кыргызстанда ковидди жуктургандардын саны расмий түрдѳ 13 миңдин тегерегиндеболууда. Алардын ичинде 4 миңдей дам айыкса, пневмония менен ковидден кошкондо 800дөй адам бул жарык дүйнѳ менен кош айтышты.
Ушул жылдын апрелине карата коронавирусту жуктургандардын саны 1,6 эсеге кѳбѳйсѳ, май айына салыштырганда 1,3 эсеге, июнга карата 4,6 эсеге кѳбѳйгѳн.
17-июлга карата илдетти жуктурган оорулуулардын 30,93 %ы коронавирустан айыкты.
Булак: “Майдан.kg” гезити, №22 (457) 15.07.2020-жыл