“Республика” саясий партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабанов дары-дармек сакталган кампалар ага тиешелүү эместиги тууралуу билдирүү жасады:
“Калп канчалык чоң болсо, ошончолук бат таркайт! Кара пиарды жасоону токтот!
Андан көрө, муктаж болгондорго жардам бергиле!
Фейсбукта жана айрым сайттарда дары-дармек кампасы мага тиешелүү деген жалган маалыматты таркатып башташты. Эмне үчүн минтип алдап жатасыңар?
Биздин дарыгерлер ар бир адамдын өмүрү үчүн, мекендештерибиз ар бир дем үчүн күрөшүп жатышканда, мындай кыянаттык менен калпты колдонууга болобу?
Социалдык тармактарда отурган жана жалган материалдарды бөлүшкөндөрдүн баарына мен айткым келет. Азыр адамдардын эмоциясын кыянаттык менен пайдаланган учур эмес! Азыр чындыкты айтыш керек!
Дары кампасы мага же менин туугандарыма таандык эмес жана эч кандай тиешеси жок!
Таң калганым, каржы полициясы жана өкмөт бул кампалар кимге таандык экендигин эмнеге дароо ачык билдиришпейт? Көбүнчө алар тез эле аттарын аныкташат, эмне үчүн азыр унчугушпайт? Кимге таандык экенин расмий түрдө тезинен жарыя кылышы керек, болбосо чоң суроолорду жаратып жатышат.
Кампа да, бул дары-дармектер да мага же эжемдин компаниясына таандык эмес! Аларды конфискациялап, элибизге бекер таратуу керек!”.
Булак: bars.media