Кыргызстан ынтымак ордосу!
Кыргызымдын ынтымагынан айланайын. Башка элдер суктанып жатат. Биздин элдин башына жамандык келгенде, бир муштумдай түйүлүп калаарын дүйнө көрдү. Арасында тескери сүйлөп тургандар да бар. Алар да ынтымакты чыңдап турушат. Себеби, минтип жазыптыр, тигинтип жазыптыр деп талкуу кылып отурган менен жардам колун сунган ар бир адамга рахмат. Кыргыз мамлекети үчүн күйүп-жанып жанын бергенге даяр ар бир кыргызстандык жаранга баш ийип таазим кылам. Бири-бирине дары издешип, дарттарына даба издеп, Жараткандан жардам сурап жаткан бир туугандарга терең ыраазычылык билдирем. Өтүп кеткен аалымдарыбызды жана бир туугандарыбызды ардактап узатып жаткан карапайым калкым менен сыймыктанам. Канчалаган туугандарыбыз өтүп кетип жатат. Бул да болсо Кудайдын буюрганы, боору бүтүн башы эсен киши болбойт экен. Кайрат кылалы, сабыр кылалы деп бири-бирибизге дем берип жатабыз. Күйүткө алдырбастан күлүп жайнап келечек үчүн кадам шилтеп баратабыз. Кенедей наристелер велосипед же телефон алам деп чогултуп жүргөн акчаларын элибиз ооруп жатса ошолорго жардам берели, аманчылык болсо кийин алып алабыз деген кайрылууларды көргөндө кыргыз болуп жаралып калганыма сыймыктанып кубангандан ыйлап жиберип жатам. Өздөрү чет элде жүргөн менен жүрөгү мекенде калган алтын мигранттар, сиздерге Жараткан Кудай ыраазы болсун. Биз бул илдетти ынтымак менен жеңебиз! Ар бир кыргыздын келечеги үчүн деп жардам берип, бир туугандарды сактап, өзү күйүп баратса да, шам сыяктуу жарык чачып, келечектен үмүтүбүздү үздүрбөй элибиз үчүн жанын берип жаткан, элибиздин ден-соолугу үчүн курман болгон ак халатчандарга таазим кылабыз. Атайын ыктыярчылар чогулуп алып ар бири өз айылына жардам берип, "Ааламга кеткен жол айылдан башталат"-деген девиз менен туулуп өскөн айылдарына жардам берип жаткан уул-кыздарыбызга алкыш. Аз калды. Ушул апаатты ынтымак менен жеңип алсак, калган тириликти жай турмушта ордуна койобуз. Элдин жүгүн мойнубузга алып туруп, Кыргызстаныбызда баарылап көкөлөтүп көтөрүп кетебиз. Сиздерди терең урматтоо менен Кыргыз Ак-бата Ынтымак Ордосу коомдук бирикмесинин атынан төрагасы Жамалбек Ырсалиев.
P.S.Мен сиздерди абдан жакшы көрөм! Ар бириңиздерге ден-соолук жана бакыт каалайм. Менин эң кымбатым Мекеним жана биздин мекенибиздин ар бир жараны. Кырк уруу кыргыздын түндүгү түшпөй биримдик менен ынтымакта бололу. Сиздерди суйом улуу Манас атамдын урпактары!!!