Печать
Категория: Коом
Просмотров: 141

Кызыктай эле болуп баратабыз. Адам баласына не болду? :(

Мен жанагы жаш балдардын мушташын көрүп аябай кейидим. Илгери мушташсак жыгылып калса тийчү эмеспиз.

Согушуп жатып эгер колуна таш алса токтотчубуз. Мурду канап кетсе болду тийчү эмеспиз. Анан да коштоп жүргөн балдар, өлтүр, талкала, муунт, сой, жок кыл, тепкиле дешип сүрөп, табалап, шыкактап турчу эмес. Деги эле өлтүр деген сөздү оозанчу эмес элек. Андай ой да болчу эмес.

Азыр эмне болуп баратабыз. Бүгүн бир видео көрдүм, кайдан тартылганын билбейм, бирок, баягында да Ош базардын жанында ушундай мушташ болду эле. 

Тиги видеодо эки бала мушташыш керек экен. Аларды 20-30 дай бала коштоп алган. Жолугуп эле бирөөсү беттен ары койду. Жанагы бетке жеген бала жыгылды. Анан тиги баштады, муунтуп жатат, уруп жатат, тээп жатат, чаап жатат. Аягында өзү чарчап, колуңду түшүр бетке чабам дей баштады өпкөсү көөп кыйкырып. Бир кезде үстүнө эки буттап секиргенге өттү. Эң өкүнүчтүүсү, анын артындагы айбандар, өлтүр, теп, ур, муунт, жайла, чап дешет. Бири да кой дебейт. Бири да эй, өлүп калбасын токтогула дебейт. Бири да арачалап, ажыратпайт. Мына ушундай муунду чоңойтуп алдык. Эч кимди аябаган өтө мерез адамдар жерди ээлеп келатышат окшойт. 

Кече дары издедим. Баягы эле атың өчкөн гепарин. Укканыма караганда ошол дарыны бирөөлөр оптом сатып алышып, анан элге баасын асман чапчытып, сатыкка чыгарышыптыр. Эл дары таппай, ажал таап, өлүм менен арбашып жатса, бирөөлөр бизнес жасашканын кара. Адамдын түшүнө кирбеген зөөкүрлүк. Биздин атайын кызматтар да мындай карөзгөйлүк болоорун билишпеген окшойт. Бир жумада барып эстерине келишти.  

Ал го эми ордуна келет. Дары таңсыгын Президент өзү баш болуп чечип жатыптыр деген жаңылык окудум. Самолет жөнөтүп Түркиядан дары алдырып жатат дешип маалыматтуулар жазып жатышат. Андан сырткары Россиядан да дары дарымектер келип калды деп уктук. Эми чечилер жагына көрүнсүн ылайым. Дарыбы, же кайсы бир таңсыктар болсо ошентип, президентти, өкмөттү, же депутаттарды, байларды сөксөк, ызылдасак эптеп чечип беришет экен, же анча мынча мээримдүү адамдар көмөктөшөт экен. Ал таңсык, ал жокчулук чечилет экен. Сатып алсак болот экен. Ал эми жогорудагы жаш балдардын пейилин, жогорудагы өлтүр, жогот, муунт, тепкиле деп адамды кордоп жатса, шыкап, табалап карап турган зөөкүр жүрөктү кантип оңдойбуз? Ал маселени ким чечип берет?

Алыс барбай эле тиги Тынчтык Алтымышев деген иним жөнүндө айтайын. Ушул бала коронавирус чыкканы уктаган жок. Ар кимден жалдырап сурап жүрүп ооруканага жай тапты. Бензин, тамак аш, дары дармек, врач, медайымдарга чейин элдин арасынан таап келип, ооругандарга күнү түнү жардам берип келатат. Ошо жигит кече түз эфирден мына биз бейтаптарга жакындан жардам берип жүрүп, бир нерсени байкадык. Хиджама жасатып алса да жакшы болот экен деп койду да балээге калды. Анын ушунча күндөн бери үй бетин көрбөй, көчөдө каронавирус жуктуруп алган адамдарга өзүнүн ден-соолугун ойлобой жардам берип, учуп күйүп жүргөнүн айрымдар алекизамат унутушту да шылдыңдап, чымчылап, жамандап, күлкүгө алып пост жазышып, алемес УКМКга арыз жазып жетишти. О ссссссилерлин өмүрүңөр узун болсун ылайым!!!

Эй, кана сабыр?! Кана пейил?! 

Хиджама жасаткандан эч бир киши өлгөн эмес. Тынчтык силерди жасатып алгыла деген жок! Ал пикирин гана айтты! Жок, ага көңүл бурмай жок. Жанагы мушташкан жаш балдардай элебиз..! Уруп калыш керек, чаап калыш керек, тээп, муунтуш керек!!!

Биз акыркы убактарда барысына ушинтип мамлиле кыла баштадык. Ур, сок, теп, өлтүр, муунт!!!

Жада калса маалыматтык булактар, ютуб каналдар, сайттар, тв, блогерлер! 

Тез көр! Тез оку! Сокту! Эркекче айтты! Сөз менен жаткыра чапты! Бетке айтты! Түз айтты! Туздады! Ит кылды!

Биз болсо сыртта ошонун барын окуп, жанагы мушташкан балдарды кой эй, болду эми койгула деп койбой тесерисинче ур, ур, сок, теп, чап, муунт дешип шыкактаган көпчүлүктөй болуп окуйбуз! Ал аз келгенсип дагы ошондой маалыматты издейбиз! Ээй, эл журт! Ээй, адамзаат!!! Акылга келбейлиби!!!

Шайырбек Абдырахан