Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда онлайн брифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымат берлди.
Каза тапкандар:
- Кыргыз-Түрк достук ооруканасында 63 жаштагы эркек адам;
- № 1 Шаардык клиникалык ооруканасында 64 жаштагы эркек киши;
- Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында 72 жаштагы аял киши;
- Улуттук фтизиатрия борборунда 64 жаштагы эркек адам;
- Жайыл аймактык ооруканасында 54-61 жаштагы 2 аял киши;
- Баткен облустук ооруканасынан 2 бейтап — 49 жаштагы эркек адам менен 58 жаштагы аял киши;
- Ноокат аймактык ооруканасында 53 жаштагы аял киши (медик);
- Тоң аймактык ооруканасында 2 бейтап — 58 жаштагы эркек адам менен 36 жаштагы аял киши.
Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясынан жалпы 160 адам каза тапты.