Печать
Категория: Коом
Просмотров: 109

Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын кресло-коляскага болгон муктаждыгын толук чечүү үчүн мурдагы жылдарга караганда дээрлик 5 эсе көп каражат бөлүндү. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

Айтымында,  мындан сырткары буга чейин көп функционалдуу кресло-коляска сатып алууга мыйзам жол берген эмес, бирок ошол эле учурда көп функционалдуу кресло-коляскага суроо-талап күч болуп турган.  Өкмөттүн токтом, жоболоруна өзгөртүү киргизип, биринчи жолу көп функционалдуу кресло-коляскаларды да сатып алууга толук мүмкүнчүлүк ала алышты. 

"Учурда кресло-коляскалардын алгачкы партиялары келип түштү. 2-3 күн аралыгында калган бөлүгү да толук келип түшөт. Буйрутмага ылайык 2000 даана жөнөкөй, 507 даана көп функционалдуу кресло-коляскалар (30 кг., 60 кг., 90 кг.) жакынкы күндөрү бардык райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына жеткирилип берилет.

Креслого-коляскага муктаждыгы бар, бирок арыз жазып каттала элек жарандар райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгына арыз жазып катталып, акысыз кресло-коляска алсаңыздар болот.

Быйылкы жылдын эсебинен дагы 28 754 000 сом бөлүп, 522 даана көп функционалдуу кресло-коляска алууну пландадык. Биз жакынкы убакта кресло-коляскага болгон муктаждыктарды толук чечебиз", - деди Кочкоров.