Печать
Категория: Коом
Просмотров: 121

Бишкектин 7-кичирайонундагы президенттин иш башкармалыгына караштуу ден соолукту чыңдоо комплексинин (ДСК) спорт залы убактылуу  түнкү стационарга айланды. Бул түнкү стационар болот жана 120 орундуу. 

Бишкек шаарынын мурдагы мэри  жана экс-депутат Ахматбек Келдибеков стационардын ачылышынын чыгашасын көтөрүшкөнүн маалымат каражаттары жазышууда. Анда дарыгерлердин жуунучу жайы, жатаканасы, жеке коргонуучу шаймандары толугу менен камсыздалды. Ошондой эле  тамак-ашы берилет, андан сырткары ал жерде иштечү 36 медкызматкердин айлык маянасын да экс-мэр менен экс-депутат төлөмөй болушту. Жалпы чыгым 5-6 миллион сомду түздү.