Интернетке тараган видео биринчи жана экинчи нөөмөттөгү медкызматкерлердин нөөмөт алмашуу учурунда тартылган. Мындай билдирүүнү Ысык-Ата районунан таратышты.
"Биринчи нөөмөттөгүлөр нөөмөттү тапшыргандан кийин кызыл аймакты калтырышкан, а экинчи нөөмөттөгүлөр таза аймакта кийинишкен. Ушул учурда анезстезиолог жана жандандыруу бөлүмүндө реаниматолог-дарыгер болгон", - деп айтышты.
Анда белгиленгендей, бүгүнкү күндө ооруканада 85 орун бар, анда дарыланып жаткандардын саны 96.
"Ысык-Ата аймактык ооруканасы биринчи күндөн тартып коронавирустук инфекция менен күрөшүүгө тартылган. Медкызматкерлердин ооруп калгандыгы боюнча факты чынында бар. Бирок кыска убакытта алардын ордуна башка медкызматкерлерди тартуу маселеси чечилет. Токмок медициналык окуу жайынан 9 адам келет, Чүй облустук стоматологиялык клиникасынан да медайымдардын келиши күтүлүүдө. Ошондой эле Кара-Балта медициналык окуу жайынан да медкызматкер тартылат", - деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, интернетке аталган ооруканадан тартылган видео жарыяланган. Анда дарыгерлер ишти таштап кетишкени, а бейтаптар өздөрү дарылоо жок жатышканы чагылдырылган.