Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн маалымат жыйында билдирди.
Муну менен Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 11117 адамга жетти.
Ал эми, бир сутка ичинде 73 адам ооруканадан сакайып чыкты. Республика боюнча жалпы 3460 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылган.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында 265 адам;
- Чүй облусунда 37 адам;
- Ош облусунда 26 адам;
- Ош шаарында 45 адам;
- Жалал-Абад облусунда 51 адам;
- Баткен облусунда 43 адам;
- Нарын облусунда 4 адам;
- Ысык-Көл облусунда 15 адам;
- Талас облусунда 2 адам.