Печать
Категория: Коом
Просмотров: 161

Ысык-Ата районундагы аймактык ооруканасында дарыланып жаткан бейтаптардын бири видео тартып интернетке жүктөдү. Андан оорукананын коридору бош болуп, ак халатчан эч ким көзгө чалдыкпаганын көрүүгө болот. Бирок палаталар коронавирус жана пневмония дартынан жабыркаган бейтаптарга толо. 

Автордун айтымында, бир суткадан бери ооруканада дарыгерлер жок. Бейтаптар дарылоо курсун алышкан жок, жөн гана жатышат. Эмне болуп кетти деген суроого жооп да жок. 

Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, аталган оорукананын 80 кызматкеринин элүүсү учурда ооруп жатат. Калганы нөөмөтсүз күнү-түн иштешкендиктен алдан тайышкан. 

Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги азырынча үн ката элек.