Драматург Бурул Калчабаева акыркы учурда коронавирустун кесепетинен өлүм-житимдин көп болуп жатканынан улам кыргыздын аза күтүү маданиятын чечмеледи.
"Улуулук парзымды аткарып улуулардан укканымды айтайын:
✍️1.Удаа-удаа жаманчылык болгондо өзөлөнүп, кошо өлүүчүдөй болуп жоктогон эмес. Артын бер-деп келме келтирип, Жаратканга тооп кылып, ичтен сызып көтөргөн.
✍️2. Жамандыкты санабайт. (уланбасын деген ниетте).
✍️3.Алпооздук (Кыргыздын далай күндөй күлүстөндөрү өткөн дүйнөдөн)
✍️4. Керооздук. Көзү өткөндөн да көзү тирүүлөрдөн орунсуз кергиштеп кемчилик таап туруу жаман адат.
✍️5. Билип-билбей көзү өткөн адамдын сүрөтүн өз сүрөтүңөрдүн катарына коюп алып жатасыңар. Көзү өткөн адамдын энергетикасы - жансыз. Туура көрсөңөр сүрөтүн алып койгула. Сөздү калтырсаңар деле эл түшүнөт.
✍️6.Азыр, ушул күндөрү көп нерсени ичибизге жуталы. Сууга агызалы. Жаратканга үнүбүз жетсин. Жаманчылык кетсин дээр элем. Аман болгула! Аманчылыгыңарды тилейм", - деди драматург.