Печать
Категория: Коом
Просмотров: 129

Депутат Аида Касымалиева 12 күндөн бери ооруп жатат. Ал бул тууралуу соцтармактагы баракчасына жазды. 

"10-12 күндөн бери covidдин белгилери болуп, өзүмдү изоляцияга алгам. Үй-бүлөмдү башка жакка жөнөтүп, өзүм үйдө жалгызмын. Тест отрицательный чыкканы менен, 4-июлда КТ эки тараптуу пневмонияны көрсөттү. Дарыгерлердин көзөмөлүндө бардык укол, дарыларды алдым. Жакшымын, буйруса. Сатурация дагы жакшы. Оору жеңил өттү деп айта албайм, бирок убагында өпкөнү текшерттим. Кечикпейли. Бардык маселелер боюнча байланыштамын. Эшикке чыга албасам да, координация колдон келет. Амандыгыңыздарды тилейм! Жакындарын жоготкондорго көңүл айтам!" - деп жазды депутат.