Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымына караганда өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 9910 адамга жетти.
Ал эми, 102 адам коронавирус оорусунан сакайып, ооруканадан чыгарылды. Муну менен өлкө боюнча коронавирустан айыккандардын саны 3236 адамды түздү.
Жаңы катталган учур:
- Бишкек шаарында – 314;
- Чүй облусунда - 124;
- Ош шаарында - 24;
- Ош олусунда - 13;
- Жалал-Абад облусунда - 26;
- Баткен облусунда - 28;
- Ысык-Көл облусунда - 6;
- Нарын облусунда - 17.