Печать
Категория: Коом
Просмотров: 99

“Ош” эл аралык аэропорту 10-июлда «Ураль авиалиниясы» авиакомпаниясынын Екатеринбург-Ош багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабдан билдиришти. 

Маалыматка караганда:

🔹 Мекенге 243 КР жараны кайтып келди. 

🔸 Жарандардын кайтып келиши дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий ведомстволорунун жетишилген макулдашуусунун негизинде ишке ашырылды.

✔️ Бул каттам менен орусиянын жогорку окуу жайларынын студенттери, КРга кайтып келүүгө өтө муктаж жарандар, улгайган адамдар, кош бойлуу жана жаш балалуу аялдар, ошондой эле Екатеринбур, Тюмен, Челябинск, Сургут, Магнитогорск, Салехарддеги жүргөн турмушу оор кырдаалдагы жарандар келди. 

Бул каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмеси келип түшкөн жарандардын кайрылууларын, Урал федералдык аймагындагы шаарлардын жана региондордогу кыргыз диаспора уюмдарынын жетекчилеринин сунуштарын жана «Ураль авиалиния» авиакомпаниясына билеттерди мурда сатып алгандарды эске алуу менен түзүлдү. 

❗️ Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарын Кыргызстанга кайтаруу боюнча иштер улантылып жатат.