Печать
Категория: Коом
Просмотров: 214

"Бул оору сага кимден жукту? Пандемия качан бүтөт? Ушул эки суроонун жандырмагын мен да көп күндөн бери издеп келем. Береги сүрөттөрдү бир аз мурда эле сыртка, ээн талаага сейилдеп чыгып тартып алдым. Оору тигинден жукту, же баланча жерден жукту деп, өзүнүн иштеген мекемесине догурунган адамдар да бар экен, тилекке каршы.  500 метр жерге басам деп,  50 колдонулган масканын жерде жатканын көрдүм. Булардын дээрлик бардыгында ковиддин инфекциясы бар деп ойлойм. Менимче, мага, башкаларга, атүгүл ушул маскаларды бет келди ыргытып жиберүүгө дааган пенделердин бала-бакыра, ата-энесине да дал ушундай ыпыластан жугуп атат деп ойлойм. Башка мусорлорду, башка жугуштуу ооруларды айтпай эле коелу. Манастын тукумубуз деп ар жерден кыйкыргандан көрө, бизге Манас мураска калтырып кеткен кооз жерибизди, Манас үчүн эмес, өзүбүз үчүн таза кармап жашасак не. Эгер ушундай ковидге ширелген маскаларды туш келди ыргыта берчү болсок, пандемиядан беш жылда да кутулбайбыз. Ойлонолу, туугандар", - деп жазды Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу соцтармактагы баракчасына.

Ибраим Нуракун уулу коронавирус илдетине чалдыгып, ооруканада дарыланып чыккан. Анда инфекциянын бардыгы аныкталгандан кийин парламенттин бир катар кызматкерлери жана аны менен акыркы күндөрү байланышта болгон депутаттар да ПЧР-анализ тапшырышкан.