Печать
Категория: Коом
Просмотров: 128

Жалал-Абад шаарында  "Жалал-Абад биримдиги" уюму түзүлдү.  Биринчи иш - аракети медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирүү болду. Жеке ишкерлер Сайра Шарипова, Мээрим Мураталиева жана башка чыгармачыл инсандар баштаган уюм бүгүн ооруканаларга барып, медицина кызматкерлерге гүл тартуулашты. 

"Силер бизге аба менен суудай керексиңер! Оорубагыла!" - дешти. 

Коронавирус апаатында өз өмүрүн тобокелге салып, адам өмүрү үчүн күрөшүп жаткан медицина кызматкерлердин кадыр-баркы күн санап өсүүдө.