Печать
Категория: Коом
Просмотров: 200

Ѳкмѳттүн коронавируска каршы күрѳшүндѳ коомчулук, эл тарабынан нааразылыктардын, терс пикирлердин кѳбѳйүүсүнүн   жүйѳсү бар. Буга Ѳкмѳт  ѳзү «жем» таштап коюуда. Эл Ѳкмѳттү сынга алганда, сырттан алынган 321 млн. доллардын дарегин, каякка, кандай максаттарга жумшалганын сурап, отчеттуулукту талап кылууда. Сатылып алынган медициналык жабдуу, каражаттардын кайсы ооруканаларга кандайча  бѳлүнгѳнү боюнча маалымат берүүсүн сурап атат. Бирок таң калыштуусу, Ѳкмѳт тараптан тыңгылыктуу жооп, маалымат жок. Эмнеге?!

Эмне үчүн Ѳкмѳт элди нааразы кылып аткан суроолор боюнча ыкчам түрдѳ маалыматтарды, түшүндүрмѳлѳрдү берип, элге, коомго ар бир кылынган иштерди жеткирбей атат? Азыр интернеттин маалыматты жеткирүүдѳгү мүмкүнчүлүктѳрү укмуш го. Эмнеге аларды пайдаланбайт? Минтип маалыматтандыруу ишинде ыкшоолук, чабалдык болуп атса, албетте, элдин нааразылыгы боло берет. 

Ѳкмѳттүн маалымат кызматы ѳздѳрүнүн ишин азыр кѳрсѳтпѳгѳндѳ, качан кѳрсѳтѳт? Маалыматтык вакуум ар кандай имиш, ушактарды жарата берерин түшүнүшсѳ боло…

 

Мирлан Дүйшөнбаев, журналист