Печать
Категория: Коом
Просмотров: 158

 

Американын Нью-Йорк штатындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү Бишкектеги №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборундагы, "Гансидеги" жандандыруу блогундагы жана Респбуликалык клиникалык инфекциялык ооруканадагы таңкыстыкты жоюу максатында 7-8 миң долларга дары-дармек алып жөнөтүүнү чечишти. 

Филадельфия шаарында жашаган кыргызстандыктар 24 кислороддук концентратор жана керектүү дары-дармекти сатып алып, Кыргызстанга жөнөтүүнү пландашууда. 

Ал эми Питтсбург шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү аймактык ооруканалар үчүн 8 кислороддук концентраттарды сатып алышат. 

 Огайо штатындагы кыргызстандыктар 20 кислороддук концентратор жана дары-дармек берип жиберишет. Алар Саламаттыкты сактоо министрлигинин көрсөтмөсү менен ооруканаларга бөлүштүрүлөт. 

Чикагодогу кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү "Элим барсыңбы?" фондуна 20 кислороддук концентраторлорду сатып алууга акча которот. 

Флорида шаарындагы кыргызстандыктар Ысык-Көл, Баткен жана Жалал-Абад облусундагы ооруканалардын муктадыгын чечүүгө 9 миң доллар беришет. Алар Ысык-Көл облусунун райондорунда эмгектенген 5 дарыгердин айлык акысын төлөөнү да чечишкен. 

Андан сырткары бир катар кыргыз диаспоралары "GoFundMe" кайрымдуулук  интернет-аянты аркылуу каражат чогултууну уюштурушкан.