Печать
Категория: Коом
Просмотров: 129

Коронавирус илдетинен каза тапкандарды жерге берүүдө сөөк коюу агенттиктери кызмат акысын кымбаттатты. Бул тууралуу Бишкектеги сөөк коюу агенттигинин башкы инженери Кубанычбек Усупбаев маалымат каражаттарына билдирген. 

Анын айтымында, аталган илдеттен каза тапкандар үчүн сөөк коюу кызмат акысы төмөнкүдөй: 

Мусулман мүрзөсү (кол менен казылат, жерге жаткырылат) - башкаларга 7400 сом болсо,  пневмония же коронавирустун кесепетинен көз жумгандар үчүн бул кызматты 10940 сомго аткарышат. 

Европа тибиндеги мүрзө  (кол менен казылат, жерге жаткырылат) - башкаларга 5835 сом болсо, пневмония же коронавирустан каза тапкандарга - 9535 сом. 

Кайсы мүрзөгө коюуда чек жок, маркумдун жакындарынын тандоосу менен ишке ашат.