Бишкек шаарындагы эпидемиологиялык кырдаалга жана пневмония оорусу жайылып жатканына байланыштуу №1 калкты тейлөө борбору карантинге жабылды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Паспортко документтерин тапшырган жарандар аларды №1 борбордун даяр паспортторду берүүчү кеңсесинен ала алышат.
Бүгүнкү күндө №2, №3, №4 калкты тейлөө борборлору кадимки режимде иштеп жатат.
Булак: Баракелде