Печать
Категория: Коом
Просмотров: 242

Гезитибиздин өткөн санында жарыяланган “АКШ эмнеге жер жүзүн биолабораториялар менен курчоого алууда?”- аталыштагы макалабыз окурмандардын өзгөчө кызыгуусун жаратты. Бүгүн бул теманы дагы улантабыз...

Ааламды апаат каптап, коронавирус пандемиясынан жабыр тарткандар көбөйгөн сайын америкалык биолабораториялар тууралуу кескин сындар күч алды. Тагыраагы, ар кандай вирус козгогучтар менен эксперименттер адамзат үчүн глобалдуу маселеге айлана баштады. “Дүйнөнүн чар тарабына чачылган Американын биолабораториялары эмне менен алектенет?”- деген маселе да барган сайын курчуп, АКШ каржылаган биолабораториялардын кооптуулугу тууралуу көбүрөөк сөз боло баштады. Себеби, дүйнө жүзүн санаага салып, канчалаган адамдардын өмүрүн алып жаткан коронавирус да “Америкалык биолобораториядан чыгып тараган”- деген окумуштуулар арасындагы талаш-тартыш күчөдү. Кыскасы, пандемия дүйнөнү каптагандан бери алардын биолабораториясына болгон чочулоо да жогорулады.
Ошондой эле, “эмнеге жашыруун биологиялык эксперименттер АКШда эмес, башка өлкөлөрдүн аймагында жасалып жатат?”- деген маселе орчундуу боло баштады. Тагыраагы, эмнеге АКШ мындай ишмердүүлүгүн өз аймагында жүргүзбөйт да, мурдагы СССРдин аймагына көчүрүп койду деген суроо да көптөрдү санаага сала баштады. Эң кооптуусу – АКШга тийиштүү биолабораториялардын иштөөсүнө уруксат берген өлкөлөр  өздөрүнүн гана өлкөсүн эмес, коңшу мамлекеттердин да коопсуздугун жарга кептээри ачыкка чыкты. Акыркы 15  жыл аралыгында америкалык өкмөттүн мындай жашыруун объектери Украинада, Грузияда, Молдовада, Армения жана Казакстанда курулду.  Булардын ичинен Украина менен Армения Америкалык биолабораториялардын пайдасынан зыяндуулугу көп экенин эске алып, жаптыруу, лицензиясынан ажыратуу  айласын издей баштады. Тагыраагы, Американын биолабораторияларын тыкыр иликтөөнү талап кылышууда.
Учурда Армения АКШ каржылаган 10дон ашык биолабораторияларды жаптыруунун айласын издеп, Бириккен улуттар уюмуна чейин кайрылышты. Тагыраагы, жактоочу  Александр Кочубаев Армениядагы кооптуулугу күчтүү, келечекте элдерге жана жайгашкан мамлекетке коркунуч жараткан биолабораторияларды жабуу  маселесин көтөрүп, Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысына кат менен кайрылды. Буга чейин ал Генералдык прокуратурага жана административдик сотко да кайрылып, АКШ каржылаган  биолаборатория “биологиялык куралдарды жаратуу жана таркатуу менен алектенишет. Алардын бул аракети дүйнө жүзүндөгү адамдардын коопсуздугуна каршы кылмыш болуп саналаарын”- айткан. Ошондой эле Александр Кочубаев “Армения үнү” басылмасына берген интервьюсунда дагы БУУнун генералдык катчысына жазган катын баса белгиледи.  БУУнун  уставына шилтема жасап, адам укугу боюнча эл аралык келишимдердин негизинде кооптуулугу жогору биологиялык куралды иликтөөнү өтүнгөнүн айтты.
Себеби, ага жакында эле чет өлкөдө жашаган ондогон окумуштуудан  биолабораторияларды жабуу зарылчылыгын айткан каттар келген. Алар Армениянын аймагында турган Америкалык кошмо штаттар ачкан биолабораториялар улуттун коопсуздугуна коркунуч туудурарын баса белгилешкен. Чет өлкөдө жашаган мекендештеринин өтүнүчүн эске алып, Александр Кочубаев  Америка каржылаган биолабораториялардын  иштегенине 12 жыл болгонуна карабай, лицензиясын  артка кайтарып алууну көздөп, тийиштүү жерлердин баарына кайрылып, чечкиндүү киришип  жатат. Анткени, Армениянын аймактарында жайгашкан 10дон ашык биолабораторияга  өкмөт лицензия берген. Ошол лицензияны артка чакыртып алууга болгон мүмкүнчүлүгүн жумшап жатат. 
Ал Америка кошмо штаты каржылаган биолабораториялар генетикалык изилдөөлөрдү жүргүзүп, иш жүзүндө АКШдан алган тапшырмаларына ылайык ар кандай патогендик инфекцияларды өндүрүшө тургандыгына токтолууда. “Ошол жагынан биолаборотория жайгашкан мамлекетке чоң коркунуч жаратат”- деп эсептейт. 
Айрым КМШ мамлекеттеринде АКШ ачууга ниеттенген биолабораториялар элдин кийлигишүүсү менен  жабылган же ачылбай калган учурлар да бар. Алсак, Армениядан башка Американын биолабораториясын жаптырууну көздөгөн мамлекеттердин арасында Украина да бар. Украинадагы оппозиция кооптуу эксперименттин эпицентринде калууну каалабай баардык болгон күч-аракетин америкалык биолабораторияларды жабууга жумшоого киришип жатышат. Украинанын “Жаш өмүрлөр үчүн оппозициялык платформа” партиясынын төрагасы Виктор Медведчук  жана элдик депутат Ренат Кузмин Украинанын премьер-министри Денис Шмыгалюга,  Саламаттыкты сактоо министри Максим Степановго жана коргоо министри Андрей Таранга АКШнын бул мамлекеттеги биолабораториясы эмне иш кылаары, кандай ишмердүүлүк жүргүзөөрү боюнча жооп беришин талап кылган  суроо (запрос) жөнөтүшкөн. Аты аталган депутаттар Американын Грузиядагы биолабораториялары 2005-жылы Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги жана АКШнын Коргоо министрлигинин ортосундагы биологиялык курал чыгаруу тууралуу келишимдин негизинде курулганын эске салышкан. Ошондой эле  Украинанын  аймагында коркунучтуу патегендерди сактоо тууралуу келишимдин  алкагында ишке ашканын  баса белгилешкен. Чынында, 2010-2012-жылдары “мамлекеттин коопсуздугуна шек келтирет, инфекциялык ооруларды жайылтат”- деген кооптуу маалыматтар күчөгөндө өкмөттүк да, журналисттик да иликтөөлөр жүргөн. Өкмөттүк иликтөөнүн жыйынтыгында алардан жаралган инфекциядан мектепке чейинки балдар жабыркаганы белгилүү болгон. Элинин ден-соолугуна, мамлекетинин коопсуздугуна санаркаган депутаттар азыр да ал биолабораториялар эмне иш менен алек болоорун,  алар нормаларды сактабаса кандай чара көрүлөөрүнөн бери сурашып,  жооп берүүнү өтүнүшкөн. Ошондой эле кооптуу иштер менен алек болгон Америка каржылаган биолабораториянын документтеринин көчүрмөлөрүн алууну милдеттендиришкен.  Анткени, эл арасында АКШ каржылаган биолобораториялардын ишмердүүлүгү боюнча бүдөмүк суроолор көп, нааразычылыктар да күч. Ошон үчүн депутаттар маселе көтөрүп, алардын ишмердүүлүгү боюнча тапшырма берип, иштерин талапка жооп бергидей аткарып жатабы же нормаларды сактабай  жатабы деген маселенин айланасында баш оорутуп жатышат.
Баса, Америка “биолаборатория курсак”- деп көксөгөн мамлекеттердин катарына Кыргызстан да кирет. Бирок, маселе бышып жетилип калганда эл каршы чыгып, курулбай калган. Жарандык активисттер, коомчулук ошол кездеги бийликке басым жасап жатып, түрдүү каршылыктар менен бул караниет долбоорду артка кайтарууга жетишкен. Бирок, ага карабай бул маселе дагы деле мурдагыдай актуалдуу. Азыр да Америка көксөгөнүнөн кайтпай, Кыргызстанга дагы да биолаборатория куруу кыялын ишке ашырууга аракет жасоодо. Алардын каалоосу ишке ашабы же элдин каршылыгы жогору болуп кетеби, аны убакыт көрсөтөт. Өкүнүчтүүсү, кооптуулугу жогору биолабораторияны биз курдурууга каршы чыкканыбыз менен Казакстандын Алматы шаарында иштеп жатат. Башка мамлекеттегидей эле алардын ишмердүүлүгү тууралуу бардык маалыматтар жабык жана жашыруун бойдон калууда.

Булак: "Майдан.kg" газетасы