Бул тууралуу 9-июлда брифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Каза болгон учурлар:
- Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында 77 жаштагы эркек адам;
- Жайыл аймактык ооруканасында 2 жаран — 62 жаштагы аял киши жана 55 жаштагы эркек адам;
- Кызыл-Кыя аймактык ооруканасында 68 жаштагы эркек адам.
Ошону менен республика боюнча коронавирус илдетинен жалпы 116 адам көз жумду.