Бул тууралуу Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев билдирди. Анын айтымында, шаардагы “Сулайман-Тоо”, “Умму Мухаммед” жана “Козу кызы Бурмакан” медреселеринин имараттары обсервацияга берүүгө даяр.
Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал курчуп баратканын саламаттык сактоо өкүлдөрү билдирип, коңгуроо кагышууда. Анткени коронавирус менен ооруп калгандардын саны көбөйүп кетти.
Бул кырдаалга байланыштуу өлкөдөгү бардык Жарандык коргонуу штабдар чечкиндүү кадамдарга барып, бир катар чектөөлөрдү киргизип, обсервацияга кошумча орундуктарды даярдай баштады. Орундар мейманкана, ресторан, спорт зал жана жеке менчик медициналык борборлордо уюштурулуп жатат.
6-июлда өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, бир катар сунуштар берилди. Президент Сооронбай Жээнбеков Республикалык штабга кырдаалдын мындан аркы өнүгүшүн талдоо жана болжолдоо ишин күчөтүүнү сунуштады. Ошондой эле облустар аралык транспорттук каттамдарды токтотуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну айтты.
Кыргызстанда COVID-19 илдети жуккандардын саны, 7-июлга карата – 8141 адамга жетти. Стационарда – 602 жаран болсо, алардын ичинен реанимацияда – 21, үй карантининде дарыланып жаткандар – 4 524, ооруканадан чыгарылгандар – 2 916, каза тапкандар – 99 кишиге жетти. Коронавирус пайда кылган пневмониядан жалпы 224 адам каза тапкан.
Булак: "Майдан.kg" газетасы