Печать
Категория: Коом
Просмотров: 119

Борбордук шайлоо комиссиясы 7-июлда өткөргөн жыйынында Жогорку Кеңешке шайлоого катышууну ниеттенген саясий партиялардын шайлоо фондунун атайын эсептерин ачууга банк мекемелери аныкталды. 

Ошондо, мындай милдетти "РСК Банк" менен "Айыл Банк" аткармай болушту. БШКнын сайтында жума сайын шайлоо фонддорундагы каражаттардын жүгүртүлүшү тууралуу маалыматтар жаряланып турат.  

1. фонддорго түшкөн каражат булактары: качан, ким жана канча сумманы партиянын фондуна которду;

2.чыгашалар боюнча: качан, кимге жана канча сумма товар же кызмат көрсөтүү үчүн төлөндү;

Эске салсак, Жогорку Кеңешке шайлоо 4-октябрга белгиленген.