Печать
Категория: Коом
Просмотров: 184

 

Асема Токтобекова менен Анжелика Кайратова бир чырдашып барып токтошту. Буга себеп Асема Токтобекованын Инстаграмга жазган билдирүүсү себеп болгон. 

Бир колдонуучунун: "Анжелика элге жардам берип жатат, а сен эмне кылып жатасың?" - деген өңүттөгү суроосу Асеманын безине тийгендей болуп, катуу жооп кайтарган. Ал өзүн эри бар аял атап, үй-бүлөсүнүн түйшүгүнөн колу бошобой турганын, башкалардын эмес бир жаштагы уулунун ден соолугу кымбат экенин белгилеген. 

Ага удаа Анжелика айым үн катты. "Сен буга чейин эле акылсыздыгыңды далилдегенсиң. А бул болсо жеткен чеги! Эрим жок эшек такалап жүргөн жокмун!" - деди. 

Асеманын андан кийинки жообу: "Эри бар аял деп коет мени деген сөз эри жокторго катуу тиерин билбептирмин. Эми башка антип айтпайм. Апам көп айтат: "Сени эри бар деп коет, узунураак кийсең боло, эри жоктордой болбой!" - деп. Кантип бул сөз катуу тийип жатты экен?" 

Бир жолу чырдашып алышкандан соң ырчылар табышып, таарынычтарын жазышып, бири биринен кечирим сурап жиберишти.