Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Чыныбай Турсунбеков каза тапты. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.
Маалыматка караганда, Чыныбай Турсунбеков эки тараптуу пневмониядан жабыркаган. Акыркы күндөрү ал абдан оор абалда болгон жана өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.
Бүгүн күндүз экс-спикердин жакындары анын акыбалы анчалык оор эместигин, ИВЛ аппаратынан бүгүн, өз алдынча дем ала баштаарын айтышкан. Ал үй-бүлөсү менен күн сайын телефон аркылуу кабарлашып жатканын билдиришкен.
Эске салсак, Акүйдө иштеген 25 адамдан коронавирус аныкталганы буга дейре белгилүү болгон.