Печать
Категория: Коом
Просмотров: 130

Депутат Марлен Маматалиев коронавирус инфекциясынын кеңири кулач жайганына жана адам өлүмүнүн көп болушуна мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди күнөөлөдү. Айтымында, Абылгазиев өз убагында эпидемиянын экинчи толкунуна даярдануудан баш тартып, акча каражатын максаттуу жумшаган эмес. 

"Ал кырдаалга олуттуу караган эмес жана каражатты ооруканаларды куруу, ИВЛ аппараттарын тийиштүү жабдыктарды жана дары-дармектерди сатып алууга которгон эмес. 300 миллион долларды башка маселелерге - бюджеттеги жыртыкты бүтөөгө жумшаган. Бул коллапска жеткирди", - деген депутат. 

Мындан улам коомчулукта көптөгөн адамдардын өлүмүнө жеткирген илдеттин жайылбашына жетиштүү кам көрө албаган Абылгазиев мыйзам алдында жоопко тартылабы деген суроо жаралууда.