Печать
Категория: Коом
Просмотров: 582

Ырчы Асема Токтобаеванын инстаграмдагы баракчасына колдонуучулардын бири: "Ырчылардын баары жардам берип чуркап жүрүшөт. Сиз көрүнбөйсүз го? Анжеликага "Датка" наамын берүү керек" - деген билдирүү калтырган. Ага ырчынын жообу мындай болду: 

"Бергиле, башкасын да бергиле! Менин өзүмдүн жеке үй-бүлөмдөгү түйшүгүм толтура. Мен энемин! Эри бар аялмын! Мен силерге милдеттүү эмесмин!

Мен эле көрүнбөй жатсам бир нерсе кемип же көбөйүп кетмек беле. Сизге окшоп телефонду чатыма коюп инстадагы пиарларды көрүп жаткан жерим жок! Сизге, башкасына караганда өзүмдүн бирге чыга элек уулумдун ден соолугу маанилүү. Мага караганда эркек мүчөсү барлар чуркасын, кылсын, жардам беришсин же биринчи потокко жардам бербегендер беришсин. Биздин үй-бүлөдөн жолдошум жүргөнү жетиштүү деп ойлоймун жана негизи эле мен силерге милдеттүү эмесмин!"