Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Бишкекте ачылган убактылуу ооруканалардагы орундар тез эле толуп калып жатат. 6-июлга карата Улуттук госпиталда 188 бош орун бар, "Ганси" авиабазасында 161, "Континент" мейманканасында 48, көрүүчү начарлар үчүн интернатта ачылган госпиталда 21 орун бош турат.
Бирок орун бошогону менен аны ээлөөчүлөр көп. Бейтаптардын толкуну абдан күчтүү. Ушул сааттарда жогоруда айтылган бош делген орундар да толуп калган болушу ыктымал.