Печать
Категория: Коом
Просмотров: 155

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу соцтармактагы баракчасына Чыныбай Турсунбековдун ден соолугу чың экенин жазды. 

"Жогорку Кеңештин экс-спикери Чыныбай Турсунбеков оор абалда жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Мен азыр эле анын жубайы менен сүйлөштүм. Анын жашоого керектүү бардык көрсөткүчтөрү: кан басымы, дене табы, сатурация - нормалдуу. Чыныбай Акунович үй-бүлөсү менен байланышып турат. Дарыгерлердин айтымында ал жакын арада ИВЛ аппаратынан чыгарылып, амбулатордук дарылоого которулат. Жалпы акыбалы жакшы жана туруктуу. Алдын ала коюлган диагноз - пневмония. ПЦР тестин жыйынтыгы - терс", - деп жазды Нуракун уулу.