"Энеси суу кыргыздын,
Атасы тоо кыргыздын»,
Көрдүңбү сөздүн уңгусун.
Ала-Тоо бойлоп көчкөн эл,
Аркайган тоодо өскөн эл,
Кирин карда жууган эл,
Киндигин музда кескен эл...
Заңкайган нечен тоо менен,
Салгылашып келген эл...
Кыргыз деген неткен эл,
Мөңгү суусун ичкен эл.
Күркүлдөгөн, жыттанып,
Күүлөнүп аккан сууларды
Күн эмес, түндө кечкен эл,
Таш жазданып көнгөн эл...” (Жусуп Мамай)- демекчи, “кырылган сайын күчөгөн, түгөнгөн сайын түтөгөн” кыргызымды алкымдан алган апааттан аман чыгара көр деп баарыбыз тилек кылып, Жаратканга жалынып турган кезибиз. Ушундай учурда кыйналгандарга кол сунуп, жардам берип жаткан азаматтардын катары улам калыңдап баратканы үмүт отун тутантып, жашагыңды келтирет экен.
Бирок ушундай кыйын учурда да кээ бир саясатчылар аздыр-көптүр кайрымдуулук жасап (анысына мархамат!), бирок, ошол кайырынын чайырын чыгарып, өздөрүн ашкере пиар кылып жатканы кыжыр келтирет. Баарынан да жалданган троллилерин жаап жиберип, өздөрүн апендинин кызындай мактатып, анан портреттерин бакыйтып коюп койгонун кантесиң!..
Мейли, бир айтсын, эки айтсын. Берилип жаткан жардамдар жөнүндө маалыматтын элге жетип турганы жакшы. Бирок!.. Ар нерсенин чеги болот да. Маалымдайт десе, үстөккө-босток пиар материалдарды жарыялап, элдин башына түшкөн мүшкүлдөн да саясий упай топтоо бери дегенде уят иш.
“Оң колуң бергенди, сол колуң билбесин” дейт. Арыдан берегирек болсок. Анпесе,
“Арзан сезимге ергенге,
Абайла асте кокем-ай,
Екеу боп шыгып серуенге,
Ушеу боп кайту оп оңай”,-деп казак туугандар айтмакчы, адыраңдаган ашкере адепсиздиктин натыйжасы тескери болуп калары анык. “Жакшы болуш аста аста, Жаман болуш бир паста!"- деп өздүк баракчасына жазды.