Печать
Категория: Коом
Просмотров: 157

Бул тууралуу ал фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, DISCOVERY отелинин ээлери Руслан Хамхоев менен Жамал Ибрагимовдор мейманканасын бекер иштетүүгө берген.

— Ал эми мен болсо иш алып бара турган дарыгерлердин, медайымдардын жана отель кызматкерлеринин айлык акысын, тамак-ашын, ал жерде жашоо шартын, жана техникалык муктаждыктарды камсыздоону өзүмө алам. Бюджеттен каражат тартылбайт!Бул планыбызды колдоого алып, отелдин ылайыктыгын дароо текшерип, ыкчам убакытта дарыгерлерди камсыздаган вице-премьер-министр Акрам Мадумаровго жана Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго ыраазычылык билдирем! — деп жазган Бабанов.

Ошондой эле, ал келе жаткан жумада 5 000 миң сомду дарыгергердин өз эсептерине которуп бере турганын айткан:

— Орточо эсеп менен 700-800дөй медкызматкерлери алат, анын ичинде дарыгерлерге 10 миң сомдон жана медайымдарга 5 миң сомдон болот.

Мындан сырткары, учурда мекемелерди жана тизмелерди аныктап жатканын айтып, төмөнкү беш бейтапкана дагы тизмеде экендигин кошумчалаган:

• Улуттук госпиталь;
• Эне жана баланы коргоо улуттук борбору;
• Улуттук фтизиатрия борбору;
• Улуттук онкология жана гематология борбору; жана
• Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасы.

Булак: Маралфм