Печать
Категория: Коом
Просмотров: 148

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сеид Атамбаев учурда ооруканада пневмония дартынан дарыланып жатканын соцтармактагы баракчасына жазды. 

Ал ооруну УКМКнын тергөө абагына барганда жуктуруп алышы мүмкүндүгүн белгилеген. 

"УКМКнын тергөө абагына барып келгенден кийин, бир нече күн өткөн соң алым келип, дене табым көтөрүлүп, муундарым ооруй баштады. 3-июнда ооруканага пневмония диагнозу менен жаттым", - деген Атамбаев. 

Ошондой эле ал УКМКнын кызматкерлеринен жана укук коргоочулардан дарт менен алышып жаткан учурунда ооруканага келип тынчын албоону суранган. 

Эске салсак Алмазбек Атамбаев да өпкөсүнөн кагынып ооруканада дарыланууда.