Печать
Категория: Коом
Просмотров: 222

Дарыгер Сабырбек Жумабеков акыбал күн өткөн сайын татаалданып баратканын айтып, бизнесмен жана олигархтардан жардам сурады:

"Урматтуу бизнесмендер, олигархтар, өлкөдө көзгө көрүнбөгөн душман менен күрөш жүрүп жатат. Күнүнө болжол менен стационардык дарыланууга муктаж болгон миң чакты бейтап кайрылууда. Өкмөт жана Саламаттыкты сактоо министрлиги Ганси базасына миңдей орун даярдап койду. Саламаттыкты сактоо министрлиги дары-дармектерди жетиштүү өлчөмдө алууга үлгүрбөй жатат (министрдин орун басары М. М. Каратаевдин сөзүнө караганда). Ошондуктан биз, медиктер сиздерден дары-дармек жана окигенератор, ИВЛ аппараты түрүндө жардам берүүңүздөрдү суранабыз. Айрыкча  эуфилин, дексаметазон, адреналин, гепарин, фраксипарин, кальций глюконат, анальгин, димедрол, диклофенак, кетонал дарылары, 5 граммдык щприцтер зарыл.

Андан сырткары 10 граммдык куюу системасы, спирт сүлгүлөрү, СИЗ, көз айнек керек.  БНИЦТО  боюнча жооптуу куратор - Нарынбеков Чынгыз. 0706203021", - деп жазды дарыгер соцтармактагы баракчасына.