Өмүрбек Бабанов пневмония оорусунан жабыркагандарга жаңы оорукана ачып бермей болду. «Республика» партиянын лидери Мирлан Жээнчороевдин айтымында Бишкектеги мейманканалардын бири ооруканага айланат.
"40 бөлмөлүү мейманкананы «Республика» партиясынын экс-лидери, азыркы бизнесмен Өмүрбек Бабанов ижарага алган.
Ал 5 дарыгерге, 15 медайымга айлык төлөп берет. Андан сырткары үч маал тамак менен камсыздайт. Бөлүмдөр күн сайын дезинфекцияланып турат », - дейт лидер.