Печать
Категория: Коом
Просмотров: 331

- Интернет мейкиндиги, андагы социалдык тармактар өнүгүп, дүйнөлүк желечеге кошулууга ар бир жарандын мүмкүнчүлүгү пайда болгондон бери ансыз да сындаганды, үйрөткөндү жакшы көргөн элибиз андан бетер сынчыл, акыл айткыч болуп кеттик. Тиягы менен биягын салыштырып, таразалап, калыс пикириўи, конструктивдүү сунушуну айтсан эле балээге каласын. Жүзү барлары баш, жүзү жок фейктери төш болушуп эле сындап жатып калышат, заматта кошоматчыга, пахта койгучка айлантып салышат. Андайларга жакпаса да, бирок бир нерсени ачык айткым келди…

Азыр социалдык тармактарда коронавируска байланыштуу бүгүнкү кырдаалга президентти күнөөлөп, анын дарегине бокочо менен мокочо сөздөрдү айткандар көбөйдү. Бирок президенттин күнөөсү эмнеде? Кырдаалды, экономиканын абалын, элдин маанайын байкап, ошого жараша оптималдуу, рационалдуу делген чечимдерди кабыл алып, коронавирусту женүүгө колунан келишинче аракет кылып атканындабы? Аны кутум ойлуулар, кыртышы сүйбөгөндөр, саясий атаандаштар эле көргүсү келбесе, башкалары көрүп, билип турушат. Тилекке каршы, пандемиянын экинчи толкуну элдин көбүнүн карантиндик талаптарды, гигиеналык эрежелерди сактабагандыгынан, айрымдардын «коронавирус деген илдет жок, аны чондор ойлоп чыгарышкан» деген сөздөрүнө ишенип алышкандарынан келип чыкты Ал үчүн кимдир бирөөлөрдү, кайсы бир тараптарды күнөөлөөгө болбойт. Эми мындан ары илдеттен Кыргызстандан тезирээк жоголушун кудайдан тилеп, ар бирибиз өзүбүзгө, үй-бүлөбүзгө этият болушубуз гана керек.

Биздегидей, биздегиден да жаман абал дүйнө өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө эле өкүм сүрүүдө. Бирок ал үчүн эч бир өлкөнүн жарандары өлкө башчысын, өкмөтүн, же башкасын күнөөлөп, ал үчүн кызматтарынан кетүүсүн талап кылып аткан жерлери жок. «Кудай да сактанганды сактайт» деп, талаптарды аткарышып, сактануу чараларын көрүшүп, колдорунан келишинче илдетти жеўүүгө салым кошуу аракеттеринде. Бизде болсо «кетсинизм» синдрому коронавируска байланыштуу кырдаалда да өзүн билдирип, ага алдыдагы парламенттик шайлоо да себепчи, шыкакчы болууда. Көздөгөндөрүнө жетүү үчүн эч нерседен кайра тартпагандар илдетти да саясатташтырып жиберишти. Бирок, элдин кайгы капасынан, айрымдардын трагедияларынан саясий пайда тапкысы келгендердин андай иштери кудайга деле жакпайт. «Мүйүздүү болобуз» дегендер кулактарына күч келтирип алышпаса экен…