Дарыгер Сабырбек Жумабеков соцтармактагы баракчасына: "Саламаттыкты сактоо министрлигинин жардамы, колдоосу менен Авиабаза Гансиден БНИЦОТнун филиалын ачтык. Жалаң атипичный вирустук пневмония менен оругандарды даарылайбыз. Биздин борбордун дарыгерлери, медайымдары иштешет. Аларды атайын окутуп даярдаганбыз. Министрликтин көрсөткөн протоколу менен дарылайбыз. Азырынча 100 орундуу, көбөйсө 200гө жеткизебиз. Эч кандай тез жардамы жок эле өз алдыңарча келе бергиле. Кыйналгандар болсо түз эле келгиле. Орун дайыма болот. Биздики толсо башкасы ачылат. Үйдө жатып кыйналбагыла. Колдон келген жардамды аяабайбыз. Уюштуруучулар биздин Саламаттыкты сактоо министрлиги. Ага чоң рахмат", - деп жазды.
Бирок бул билдирүүдөн бир саат өтпөй жатып экинчи билдирүүсүн калтырды. Анда жаңы ачылган филиал толгонун айткан.
"Урматтуу бейтаптар биз ачкан жер толду. Саламаттыкты сактоо министрлиги Интергельпо көчөсү -1 дарегине жаңы ачыптыр, ошол жакка баргыла", - деди.