Экс-депутат Ыргал Кадыралиева соцтармактагы баракчасы аркылуу тамак ооруга даба болчу рецепт сунуштады. Ал:
"Достор, эки балам тең тамагы ооруп бир жылда сөзсүз эки -үч жолу жатып чыкчу больницага. Азыр ооруп баштаганда эле 200 мл литр жылуу сууга 10 табл. фурацилин, 10-15 тамчы йод, 1 аш кашыктай перекись кошуп, жылуу сууга аралаштырып бир күндө 10-15 жолу чайкатып баштайм. Эки күндө жакшы болуп калат. Ичип жаткан дарыңарга кошумча колдонгула", - деп жазды.