Печать
Категория: Коом
Просмотров: 837

- Турсунбай мырза, шайлоо жакындап калганда Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону каржылоонун ачыктыгын камсыздоочу жоболорду бекитти. Бул  аракет добуштарды сатып алууну ооздуктай алабы?

- Жок. Шайлоону таза кол жана таза ой менен өткөрүшпөсө жоболорду бир эмес, миң жолу бекитишсе да баары бир натыйжасы мурдагыдай эле боло берет. Ошондуктан “ЭрК” партиясы мурдагы сунушун кайталайт: БШКдан мурдагы шайлоолорду бурмалаган, шайтан оюндарга катышкандардын баарын айдаш керек! БШК жана жергиликтүү шайлоо комиссияларын көз карандысыз, адилеттикти туу туткан адамдардан түзүү керек. Анткени, эски, саткын, мыйзамсыз иштеген комиссиялар менен таза шайлоону өткөрүү мүмкүн эмес! Себеби алар көнгөн адатын таштабайт. Шайлоонун жыйынтыгын бурмалап салышат. 

- БШКнын шайлоодо партиялардын эсебин көзөмөлдөөнү күчөтүүгө багытталган жоболору ишке кирсе, так аткарылса мүмкүн саясий партиялар элдин добушун сатып алышына тоскоолдук жаратаар деп үмүт артсак болобу?

- Шайлоо таза өткөн өлкөлөрдө саясий партиялардын байкоочулары шайлоо тилкелеринде турбайт. Коомдо бири бирине ишеним ушундай күчтүү! А бизде болсо, таза шайлоо болот деген ишенимден дагы баары бир алдоолор, махинациялар, фальсификация болот деген кооптонуулар күч. Ошон үчүн саясий партиялар алдын ала “байкоочуларды көбөйтөбүз” дешет. Байкоочуларды канчалык  көбөйтсөк да, шайлоо комиссиянын төрагасынын жана мүчөлөрүнүн ооздору булганган болсо, алар баары бир шайлоонун жыйынтыгын  бурмалап, жогору жактан түшкөн буйрукка жараша чыгарып  беришет.
Ошондуктан жумушту көбөйтпөй жана элдин башын айландырбай, саясий спектаклди токтотуп, шайлоо комиссияларын чынчыл, көзкарандысыз, мекенчил адамдардан түзүп койсок - маселе оң  жагына чечилмек! Элде да, шайлоого катышкан талапкерлерде да  таза шайлоо болот деген ишеним жаралмак.

- Партиялар добушту сатып албашы үчүн Алтынбек Сулайманов айткандай,  эл добушун 1000-2000 сомго эмес, андан бир канча эсе кымбатка сатышы керектир... 

- Акаев “талапкерлер бергенин ала бергиле, а кимге добуш берериңерди көшөгө кирип чечкиле!”- деп 1995-жылы балит шайлоолорго жол ачып берген. Эми ошол кездеги президенттин туура эмес сөзүн Алтынбек Сулайманов эмес, президент Сооронбай Жээнбеков жокко чыгарышы абзел! Шайлоодо ким акча берсе да, ким алса да – баары бир кылмышкер, камалышы керек!

- Добуш сатып алууну токтотуу үчүн адамдардын аң сезими өзгөрүш керек дешет эксперттер. Адамдардын аң сезими өзгөрөт деп күтүшүбүз керекпи же акчалууларды депутат кылуудан баш тартканыбыз туурабы?

- Аң-сезимиңди, ички, жан дүйнөңдү ар бириң өзүңдөн баштап өзгөртсөң, ошондо силердин абалыңарды өзгөртөмүн деп эң чоң эксперт - Алла-Таалам Куранда айткан. А калган эксперттер эмнени билишет? Кайсы экспертте шайлоого катышкан тажрыйбасы бар?! Кимисинде шайлоо жөнүндө билимдери бар?! Акчалууларды эми шайлабайбыз деп эл өзү чечип койду. Эң негизгиси  - элдин добушун бурмалабоо керек!

- Пандемия шайлоонун мөөнөтүн өзгөртүп коюшу мүмкүнбү?

 - Пандемия шайлоо мөөнөтүн өзгөртө албайт го. Шайлоо эрежелерин жана тартибин өзгөртүшү мүмкүн. Сыягы, орустарды кайталашат го. А балким, онлайн добуш берүү болоттур, мүмкүн, дагы бир жаны нерсени ойлоп чыгышат...

Булак: "Майдан.kg" газетасы