Печать
Категория: Коом
Просмотров: 282

- Табылды мырза, элдин баарын чурулдатып, сөз эркиндигин чектөөгө аракет кылган, интернетте көзөмөлдү күчөтүүнү каалаган Гүлшат Асылбаева сунуштаган  мыйзам “жогору жактагылардын буйругу менен жазылган”- деген маалыматтар айтыла баштады. “Асылбек Жээнбековдун тапшырмасы менен жазылган мыйзам”- дегенге ишенсек болобу?

- Жок. Мен бул ойго кошула албайм. Бийликке ММКнын азыркы абалы канааттандырарлык. Менимче, акыркы 1-2 жылдан бери олигархтар жөнүндө өтө көп маалыматтар чыгып жатты. Алардын көпчүлүк бөлүгүнүн авторлору белгисиз болуп жатты. Ошон үчүн  бул мыйзамдын демилгеленишине да олигархтар көбүрөөк кызыкдар болсо керек деп ойлойм. 

- Бул мыйзам эмнеси менен кооптуу?

- Негизи ушуга окшогон мыйзамдар бир топ Европалык өлкөлөрдө, атап айтсак Франция, Германия, Англия жана башка өлкөлөрдө кабыл алынган. Мисалы, Германияда “Социалдык тармактардагы укуктук колдонууну жакшыртуу жөнүндө”- деп аталат. Мыйзам ачык жана демократиялык коомду коргоого багытталган. 2017-жылы кабыл алынган. Минюст маалыматтын сапатын аныктап, эгер фейк болсо, аны жок кылууну талап кылат. Бул мыйзам боюнча өз учурунда фейк-материалды жок кылбаса, анда аны жайылткан ММК айыпка жыгылып, штраф төлөйт. 2 млн. аудиториясы бар ММК 24 сааттын ичинде фейк материалды жок кылышы керек. Ал эми Францияда болсо бул мыйзам “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” деп аталат. 2018-жылы кабыл алынган. Мыйзам шайлоо учурунда фейктер менен күрөшүүгө багытталган. Эммануэл Макрон тарабынан демилгеленген. Мыйзам боюнча кандидат өзү жөнүндө жалган маалымат таратылган материал чыкса, сот аркылуу аны 24 саатта алдырып салуу укугуна эгедер болот. Англияда болсо онлайн интернетти коопсуз кылууга багытталган мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзам Англиядагы онлайн интернетти дүйнөдөгү эң коопсуз интернетке айландырууга багытталган. Орусияда да маалыматты коргоо тууралуу мыйзам кабыл алынган. Мыйзам боюнча эгер Башпрокуратура жалган же инсандык абийирине шек келтирген маалыматты өзүнүн өтүнүчү боюнча алып салуудан баш тартса, анда ал Роскомнадзорго кайрылып, бул ресурстун мүмкүнчүлүгүн чектөөнү сунуштайт. Мыйзам боюнча административдик жазалоо каралган. Казакстанда интернет тармактарында анонимдүү түрдө комментарийлерди жазууга тыюу салынган мыйзам кабыл алынган. Мыйзам боюнча ар бир комментарийдин автору анык жана так көрсөтүлүшү керек. 

- Эгер Батыш өлкөлөрүндө да ушундай мыйзамдар бар болсо, анда Г.Асылбаеванын мыйзамы эмнеге мынча чуу жаратты?

- Кыргызстанда Г.Асылбаева тарабынан сунушталып жаткан мыйзам Франция өлкөсүнүн мыйзамы менен аты уйкаш экенин байкасак болот. Мыйзам долбоору “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” деп аталат. Мыйзам боюнча сайттын бетине жарыяланган ар бир маалыматтын авторунун аты-жөнү, фамилиясы жана электрондук адреси жазылышы каралган. Маалыматтын фейк экендигин аныктоо Маданият министрлигине жүктөлгөн. Бардык талаш маселелер сот аркылуу чечилет. Мыйзамга баш ийбей койгон сайт үчүн административдик жаза каралган. Бирок, батыш өлкөлөрүндөгү мыйзамдарга караганда Орусия, Казакстан, Кыргызстндагы мыйзамдарда ММК же сайттарды тоталдык көзөмөлгө алуу аракети байкалат. Батыш өлкөлөрүндөгү, мисалы, Германиядагы мыйзамда эгер интернет-сайттардын 2 млн. аудиториясы болбосо, анда мыйзамдын талаптары андай ММК же сайттарга жайылтылбайт. Мисалы, 100 миң аудиториясы бар сайттар үчүн ал мыйзам иштебейт. Франциядагы мыйзамда шайлоолор мезгилиндеги кандидаттарга байланыштуу конфликттик абалды чечүү үчүн кабыл алынган. Ал эми Г.Асылбаеванын мыйзамында күнү-түнү 24 саат боюу ММКларга, интернет-сайттарга тоталдык көзөмөл жүргүзүү каралган. Көзөмөл жүргүзүү Маданият министрлигине жүктөлгөн. Ошондо, Кыргызстандын мыйзамы башка бардык өлкөлөрдүкүнө салыштырмалуу өтө тоталдык көзөмөл жүргүзүүгө ыңгайлаштырылган.

- Мындай мыйзамды Г. Асылбаева буйруктун негизинде гана иштеп чыгышы мүмкүн деп жатышат. Буга эмне дейсиз?

- Кыргызстанда бардык демилгелерди бийликтен көрүү күч алган. Бирок, өлкөдөгү ММКлардын бүгүнкү абалы өтө канааттандырарлык. Ошондуктан Кыргызстанды Борбордук Азиядагы лидер катары билишет, таанышат. Бийлик бүгүн ММКлардын абалына кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизүүгө анчейин кызыкдар эмес. Бирок, өзүңүздөргө белгилүү болгондой, акыркы 1-2 жылда олигархтардын коомго таасиринин күчөшүнө байланыштуу алар өтө катуу сынга кабылып жатышат. Менимче, бул ошол олигархтар тарабынан болгон тапшырыктын негизинде жазылган мыйзам долбору болушу мүмкүн.

- Табылды мырза, Р. Матраимов, А.Келдибеков, С.Ибрагимов жана К.Колбаевдин  Ысык-Көлдөгү пансионаты Г.Асылбаеваныкы менен бир жерде жайгашкан. Мыйзамдын кабыл алынышына ушулар кызыкдар болгон деген да сөздөр айтылууда. Ынансак болобу?

- Менде буларын пансиоанттары бар, жогу тууралуу маалымат жок. Бул да шайлоо алдындагы фейк болуп калышы мүмкүн. А дегенде булардын кимиси менен Г.Асылбаеванын байланышы бар экенин билиш керек. Мүмкүн аларды элге жаман көрсөтүү үчүн жөн гана каралоодур. 
Менимче, азыр парламенттик шайлоонун болоору күтүлүүдө. Партиянын тизмесине кирүүнүн бирден бир талабы, кандидат мурда депутат болгон болсо, ал канча жана кайсы мыйзамдарды жазганы эске алынып  жатат. Ошон үчүн акыркы мезгилде ар түрдүү мыйзам долбоорлору иштелип чыгып, кабыл алынып жатат. Депутаттар да, ал мыйзамдарга оптом кол көтөрүп, үч окуудан кабыл алып берип жатышат. Ошон үчүн  Г.Асылбаеванын ММКларга, сайттарга тоталдык контроль жүргүзүү мыйзамына президент С.Жээнбеков кол койбойт деп ойлойм.

- Мыйзамды ушинтип  шашылыш, анан сапатсыз, демократияга, коомго каршы иштеп чыкса, парламентте кабыл алса боло береби? 

- Бул мыйзамга кол коюлуп калса, анда мыйзам Г.Асылбаевага жазылып калат. Бирок, менимче, Г.Асылбаева деле бул мыйзамга президент кол койбоорун билет. Бүгүн, ал үчүн бул маанилүү эмес. Ал үчүн мыйзамдын сапаты да маанилүү эмес. Г.Асылбаева үчүн бүгүн эптеп мыйзам иштеп чыгып, парламентке өтүүчү күчтүү бир партиянын тизмесине кирүү маанилүү.

- Бул мыйзамды оңдоп-түзөп койсо болобу?

- Болот. Менимче, бул мыйзамдын 2-пунктунун 4-статьясын алып салыш керек. Ал жерде “ар бир материалдын автору болушу керек жана автор электрондун адресин калтырышы керек”- деп жазылган. Ошол жерин алып ташташ керек.

- Ошондо мыйзамдын мааниси кандай болушу керек?

- Маалыматка макул эмес адам адеп провайдерге алып салуусун өтүнүп кайрылышы керек. Эгер провайдер алып салбаса, анда бул процесстерди жөнгө салуучу юстиция министрлигине кайрылуусу керек. Минюст эксперттик анализ жүргүзүп, чындап эле ал материал фейк болсо, провайдерге алып салуу талабын коет. Эгер провайдер алып салбаса, анда бул материалдарды чогултуп алып, жабырлануучу сотко кайрылса болот дегендей мааниде болушу керек. 
Албетте, жабырлануучу, провайдер алып салуудан баш тарткан учурда, өзү деле түз сотко кайрылууга укуктуу деген нормада болсо, туура болот деп ойлойм

Булак: "Майдан.kg" газетасы