-       Учурда ЭККУ комиссарынын жардамы менен Кыргызстандагы этникалык өнүгүү тууралуу документтин долбоору даярдалып жатыптыр. Анда жергиликтүү деңгээлден тартып, жогорку тепкичке чейин улуттук азчылыктардын өкүлдөрүн бийликке тартуу каралган. Ал тургай  айрым иш чаралар Ысык-Көлдө, Бишкекте өткөрүлүүдө. Бул кыргыздар менен башка улуттардын ортосуна от жагуу аракети. Эл аралык комиссиянын июнь окуясы боюнча отчету да ушул максатты көздөйт.
 
Июнь окуясын чет мамлекеттерден келген кайсы бир саясатчылар эмес, ошол коогалаңды баштан өткөргөн жергиликтүү эл жакшы билет. Алар ошол эле учурда эмнеге этникалар аралык кагылышуу өзбектер басымдуулук кылган Ош, Жалал-Абадда орун алып, башка өзбек улуту азчылыкты түзгөн аймакта кайталанган жок? Себеби чатак болгон аймактарда чагымчылар отко май тамызып, ал эми башка жакта кыргыздар эч кимге тийген жок.
 
Ооба, кыргыз жаштары өз мекенин коргоп, өзбек сеператизмине каршы күрөштү. Бирок ал кезде от тутанып кеткен болчу, - деп айтты  “Асаба” улуттук кайра жаралуу партиясынын төрагасы Салмоорбек Дыйканов.
 
Кабар