Бир катар социалдык тармактарда, change.org деп аталган сайтта Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулун кызматтан кетирүү боюнча петицияга 1300гө чукул киши кол койду. Алар судья 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жаткан адамды актап салды, сот тармагында иштөөгө укугу жок деп эсептешет. Бул маалыматты жабырлануучу кыздын апасы коомчулукка билдирди. Анын айтуусунда, жабырлануучулар судьяны кызматтан алуусун өтүнүп президент Сооронбай Жээнбековго да кайрылган.
Жогорку Кеңештин 4-июндагы сессияда депутат Айсулуу Мамашова Биринчи май райондук сотунун судьясы Айбек Эрнис уулу «Бишкек Парк» соода борборунун дааратканасында 13 жаштагы секелекти зордуктоо үчүн шек саналган 22 жаштагы жаранды актап койгонун айтып чыккан болчу.
Кыргызстандын Жогорку соту бул кылмыш иши боюнча айыпталуучу үй камагында экенин билдирип гана актанууда. Маалыматка ылайык, Бишкектин Биринчи май райондук соту «кылмыштын курамы жок» деген негизде шектүүнү актаган. Бишкек шаардык соту бул өкүмдү күчүндө калтырган. Азыр прокуратуранын кассациялык арызынын негизинде кылмыш иши Жогорку соттун өндүрүшүндө.
Андыктан жабырлануучу кыздын намысын коргоо чарасы же судья Айбек Эрнис уулун кызматтан кетирүү бир гана президенттин колунда калды.
Баса, бул судья Атамбаевдин тушунда бийликтин ар кандай ыплас буюртмаларын аткарып, кыргыздын далай таза жигиттерине жок айыпты жабыштырып, алардын катарында Өмүрбек Текебаевди камоо чечимин чыгаргандыгы менен элге таанылган эле...
Булак: "Майдан.kg" газетасы