“Сөз куугандын аягы бүтпөс чатак, анан токтотуу эн чон азап эмеспи... Көчмөндүк доорунда жортуулдан кийин” тигиге же буга чоң үлүш тийип калды, бизге азыраак болуп калды” деген мезгилде байыркы кидандарда бир жакшы жөрөлгө менен чатак басылган. Бул мындай: кундуз тоңдуулар казынага 10 кара уй же жылкы, же 100 кой төлөп коюп кооздонуп жүрүүгө уруксат алса, ортодон казына пайда таап, нааразы тараптын көңүлүн империя жайгарган.

Бизге эрте жетилип, приватизация мезгилинде оозуп чыккан күлүктөй  жолун таап байып кеткендерге - азыр жалпы элдин кыжырын кайнатып,  кайраганда болбойт, аларды коркутуп өлкөдөн кууган да туура эмес, болгону байларга автосуна, менчигине, обороттогу акчасынын өлчөмүнө жараша прогрессивдүү түз салыктарды киргизиш керек.

Казынабыз да утат,   коом да тынч болот, байлар да качпайт.

Байлардын анда санда, же шайлоо астында гана бөлүшкөнү, же азыркыдай , эл көзүнчө ыйык  куранды жамбашка басып алып, анан маектешин тике качырып,  аргасыз куран карматып калчылдатуу деле адепсиздиктин башаты болуп калды көрүнөт!

Учкундан жалын тутанбасын! 

“Кедейден туз чыкса, байдан эт чыгып”, кылымдар боюу кыргыздар,  улуу кичүүнү жамандыкка кыйбай,  кичүү улуунун сөзүн бузбай угуп келген нарк-насилибиз огунан чыгып, теледеги сөз парктагы сөздөн айырмаланбай журуп олтурса жакшы болбойт!

Азыр кимге гана жаның ачыбайт, албетте, кыйналганы, кысталганы көп кезде ашыкча жалтырабай жүрүү деле жөндүү  дечи, ошентсе да, катуу кетпей - карынын да, жаштын да жүрөгү-өмүрү бирөө экенин эске тутуп, өлкөбүз да жалгыз экенин эстеп каңырыгың түтөйт го, чиркин.

Жаңы эле коронавирустун артынан кайрымдуулук күчөп, эми эле орозо менен тыйылып, тобо айтып, ар ким өзүнчө “өз ашык каалоо, азгырык башкасынан арылсак” деп тиленип, жакшыдан үмүттөнүп турганда чыгаан жигит  чыдабай  жем таштады... Ээми токтотуп көр, ансыз да башка түйшүк жетишпей турат эле бизге, мейли эми сабыр, сабыр берсин, орозо бүтсүн,  бир аз терең ойлонолу”,- деп жазды коомдук ишмер Касым Чаргынов.