Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 11-майда вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Россия өкмөт башчысынын орунбасары Андрей Оверчук менен онлайн сүйлөшүү өткөргөн. Анда газ маселеси талкууланган.
«Бул — биз үчүн өтө аяр маселе. Коронавирус инфекциясынын жайылышы, ишкердик активдүүлүктүн төмөндөшү, улуттук валютанын баасы төмөн түшүшү калктын сатып алуучулук дараметин азайтты. Ошондуктан кыргыз тарап жаратылыш газынын баасы боюнча маселени кайра карап чыгууну өтүнөт. Албетте, бул маселени бир заматта чечип коюуга болбойт, бирок биз оң жооп алабыз деп ишенебиз» — деди Асрандиев.
Россия тарап бул сунушту карап чыгууга убада берди.
Эскерте кетсек, «Газпром Кыргызстан» компаниясы апрель айында калк үчүн бир куб метр газдын баасы 15,3 сомдон 17,6 сомго чейин кымбаттаткан. Бизнес үчүн (өнөр-жай ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар) бир куб метр газдын баасы 18,7 сомдон 21,3 сомго көтөрүлгөн. Баанын өзгөрүшү АКШ долларынын расмий курсу жогорулагандыгы менен байланыштырылган.
Бирок кийин өкмөт «Газпром Кыргызстан» компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга ылайык, көгүлтүр оттун баасы мурунку калыбында калганын кабарлаган. Бул карапайым газ колдонуучулар менен катар эле ишканаларга да тиешелүү экени айтылган.
Булак: Элгезит