Печать
Категория: Коом
Просмотров: 125

Кайрымдуулукту ченебей кылган, колунда жокторго жардам берип, турмушу оорлордун түйшүгүн жеңилдетүүгө салым кошуп келген ишкер Улан Сырдыбаев элин дагы бир ирет кубантты. Ал элдин башына кыйын күн түшүп турган маалда медиктердин түйшүгүн жеңилдетүү жана элинин ден соолугуна кам көрүү, өмүрлөрүн сактап калуу максатында заманбап үлгүдөгү эки тез жардам унааны Талас жана Бакай Ата районунун ооруканасына белек кылды. 

Сырдыбаев Уландын белегине айылдаштары да, тез жардам унаасына ээ болгон ооруканалардын кызматкерлери да кубанып  жатышат.