Печать
Категория: Коом
Просмотров: 514

Кыргызстанда өткөн сутка ичинде COVID-19дун 12 жаңы учуру катталды. Алардын ичинен жетөөсү медицина кызматкерлери. Булар алгач обсервацияга алынган жарандарды дарылоого катышкан. Жаңы учурлардын баары Ош областында катталды.

Ошентип, бүгүнкү күнгө Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун жалпы саны 228ге жетти.